Бишкектеги батирлердин биринен 53 жаштагы адамдын жансыз денеси табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан 30-июнда билдиришти. Маалым болгондой, 29-июнда саат 22:44 чамасында куткаруучулар Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бириндеги батирдин эшигин Ленин райондук милиция кызматкерлерине ачып беришкен. Бөлмөнүн ичин кароодо 1963-жылы туулган адамдын жансыз денеси табылган.