Бишкекте эки адамды бычактап качып кеткен жаран Таластан кармалды

Бишкекте эки адамды бычактап качып кеткен жаран Таластан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 1-июнунда Рыскулов жана Павлов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда белгисиз жаран 1987-жылы туулган С.М. жана 1981-жылы туулган С.А. аттуу эки адамды бычактап качып кеткен. Ал эми жабырлануучулардын бири С.М. ооруканадан каза тапкан.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде 28-июнь күнү кылмышка шектүү катары 1962-жылы туулган Ош облусунун тургуну Таластан кармалган. Учурда ал өз күнөөсүн мойнуна алып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан