Кыргыз-казак чек арасында коңшу өлкөнүн жараны ок-дарылар менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 29-июнь күнү “Ак-Жол унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү жайынан казак жараны кармалган. Анын унаасын текшерүү учурунда Калашников автоматынын 60 даана патрону табылган. Кармалган жаран Кыргыз Республикасынан Казакстанга өтүүгө аракет кылган. Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, казак жараны милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.