Кыргыз улуттук медициналык академиянын ректорун окуу жайдын кызматкерлери шайлоодо

И.Ахунбаев атындагы Кыргыз улуттук медициналык академиясынын ректорун шайлоого аталган окуу жайдын кызматкерлеринин 90 пайызы келди. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик юридикалык академиянын ректору Канат Керезбеков билдирди.

"Медициналык академиянын ректорун шайлоого кызматкерлер активдүү катышып жатышат. Шайлоо тынч, таза, акыйкат өтүүдө. Башында 2 талапкер каттоодон өткөн болчу. Айрымдары талапкерликтен баш тартышты. Учурда 7 талапкерди тандоо иши жүрүп жатат", - деп билдирди Керезбеков.

"Шайлоо демократиялуу нукта өтүп жатат. Эң негизгиси, татыктуу адамды шайлап алсак деп турабыз. Шайлоонун жүрүшү жогорку деңгээлде уюштурулган. Азыркы учурда кызматкерлердин 90 пайызы шайлоого келди", - деп билдирди Кыргыз улуттук медициналык академиянын госпиталдык хирургия кафедрасынын доценти Жакыпбек Абдуллаев.

"Шайлоо ачык жана мыйзам чегинде, жогорку деңгээлде уюштурулуп жатат. Алгачкы максатыбыз -Медициналык академиянын билим берүү сапатын жогорулатуу", - дейт талапкер Ишенбек Сатылганов.

Эскерте кетсек, Кыргыз улуттук медициналык академиясынын мурунку ректору Аширалы Зурдинов кызматынан өз каалоосу менен кеткен.

Медициналык академиянын ректорун ак халатчандар шайлоодо
Медициналык академиянын ректоруна талапкер Сатылганов Ишенбек
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан