Панфилов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Өрттө каршы башкармалыктын жетекчиси Данияр Таиров бүгүн, 30-июнь күнү маалымат жыйынында билдирди.
Айта кетсек, өрт саат 23-июнь күнү саат 20:35 чамасында башталган. Аны өчүрүүгө 11 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, дээрлик 7 саатта толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 13 кабаттуу №190-үйдүн 3000 чарчы метр, жыгач устундуу, черепица менен жабылган чатыры толугу менен жана 13-кабаттын батирлери, эшик-терезелери, үй эмеректери күйгөн. Өрт учурунда каза тапкандар жана жабыркагандар болгон эмес. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.