Таласта мектепти өрттөмөкчү болгон 3 окуучу кармалды

Талас шаарында №3-мектепти өрттөмөкчү болгон 3 окуучу кармалды. Талас ОИИБинин маалыматына таянсак, 15 жаштагы 3 окуучу 29-март күнү саат 23:00 чамасында аталган мектептин терезесин талкалап, өрт тутанткан. Кылмышка шектүүлөр мектептин окуу бөлүмүнүн башчысынын иш бөлмөсүнүн айнегин сындырышкан. Өрттүн кесепетинен терезе астындагы жыгач жана парда күйүп, өрт убагында өчүрүлгөн. Ушул окуя 1-апрелде да кайталанып, белгисиз бирөөлөр мектептин ичине бензин куюлган бөтөлкө ыргытышып өрттөмөк болушуп, ишке ашпай калган. Укук коргоо кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип аталган мектептин 1997-98-жылдары туулган 3 окуучусу кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
AWIR
2013-04-06 13:28:36
Оз мектебин кантип орттойт, бул окуучуларга карата чара короулуусун айтып кетээр элем
0
Angel92
2013-04-06 14:44:13
Окууну каалабаган жалкоолор го...
-1
baibolot71
2013-04-06 14:51:13
Эжеке агайлар 2 койсо очошуп калган окуучулар го.
0
tilekjusupbekov
2013-04-06 15:06:27
бул жерде мектептин башчылыгына нааразылык же кандайдыр бир себептер болгон жон жерден чоптун башы кыймылдабайт болуш керек!
0
mahabat.
2013-04-06 20:14:46
подростковый возрастта балдарга коп конул болуш керек.балким мугалимдерден да кеткендир.эки тарапты тен суракка алыш керек деп ойлойм
+2
Papinadochka
2013-04-06 21:56:15
mahabat., туура айтасын
0
Aijan06
2013-04-07 02:34:07
чондорубуздун онорлорун эми мектеп окуучулары кайталап атышкан го. депутаттар деле ак уйдун тосмосунан аттап отуп атышпайбы. аларга мыйзам жок болгондон кийин бизге деле эч нерсе болбойт деп ойлоп атышкан го балакайлар.
-2
dikeii
2013-04-07 06:46:52
таластын балдары алгаа
0
mahabat.
2013-04-13 08:10:49
dikeii, конулду иренжитпечи.ушул да созбу???сендей адамдар элибизде аз болсун
0
nurik-inf
2013-04-07 15:43:42
бул мектеп айябай эски мектеп мумкун ортоп салсак жаны мектеп курушат деген чыгар.
-1
altinim
2013-04-08 00:05:24
nurik-inf, кыргызстанда илибой нерсе эскигоооо ооо атам замандан калган баары , бийлиги деле курулушу деле мектеби деле коз караштар деле , анда баарын орттоп салалыбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан