Чаткал районунда алгачкы жолу эмгек ардагерлерине эс алуу уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда SUPER.KG порталына Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынан Мухаммедалы Эшназаров билдирди.
Район акими Канжарбек Эшалиевдин демилгеси менен алгачкы жолу райондогу эмгек ардагерлерине жайкы эс алуу уюштурулду.
"Совет доорунда талбай эмгектенип, татыктуу жашоого шарт түзүп, кыргыз өлкөсүнүн өнүгүшүнө салым кошкон аталардын эмгегин баалап жайкы эс алуу уюштурулду. Мында Ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү, эмгек ардагерлери, аксакалдар жамааты жана жөнөкөй аксакалдар эс алышты. Каржылоо маселесин Чаткалдагы айыл өкмөттөрү камыздап беришти", - деп билдирди Эшназаров.
"5 күндүк эс алууга 16 карыя чакырылган. Эми алдыда 140 окуучу эс алат. Алар үчүн тоо коюнунда эс алуу күнү 1-июлдан башталат", - деп кошумчалады Эшназаров.