Нарында айыл өкмөтүнүн кызматкери "мамлекетке 420 миң сом зыян келтирген" деп шектелүүдө

Нарында айыл өкмөтүнүн кызматкери "мамлекетке 420 миң сом зыян келтирген" деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Нарындагы айыл өкмөттөрүнүн биринин кызмат адамы 2014-2015-жылдары расмий документтерге жалган маалымат киргизүү аркылуу чоң суммадагы акча каражатын өзүнө чегерип алган. Чегерилген акча айылдын социалдык-экономикалык абалын өнүктүрүү үчүн инвесторлорго жумшалмак. Бирок каражат өз максатына жеткен эмес. Мындан улам мамлекетке 420 миң сом зыян келтирилген”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда жогорудагы факт боюнча эки берене менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Stars
2016-06-30 18:36:28
Нарындын кайсы айылы экен???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан