Кадамжай районунда сууга түшүп кеткен 10 жаштагы баланын жансыз денеси табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан 1-июлда кабарлашты.
Кадамжай районундагы Пүлгөн айылында 29-июнь күнү саат 15:00 чамасында 2006-жылы төрөлгөн
А.Абдымомунов аттуу бала Ак-Суу дарыясынын боюнда ойноп жүрүп жоголуп кеткен. 30-июнда саат 10:20да баланын жансыз денеси жергиликтүү калк тарабынан Пүлгөн айылындагы дарыядан табылып, туугандарына тапшырылган.