Бүгүн, 1-июлдагы маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков экс-спикер Асылбек Жээнбековго Ак үйдөн үч бөлмө бириктирилип иш бөлмө жасалганы тууралуу пикирин айтты.
"Асылбек Жээнбеков парламент төрагасы кызматында колдон келишинче жакшы иштеди. Эми депутат катары ишин улантып жатат. Жогорку Кеңеш ага Ак үйдөн иш бөлмө таап берүүгө милдеттүү, Жээнбековго бөлмө берилди. Кошумча бир-эки бөлмө кошулуп калганы коомчулукта нааразычылык жаратты. Бийлик алмашуу учурунда ушундай учурлар болуп кетиши мүмкүн", - деди Турсунбеков.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин экс-спикери Асылбек Жээнбековго Ак үйдүн 3-кабатынан үч бөлмө бириктирилип эки бөлмө жасалып берилгени аныкталган. Парламенттин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдиргендей, Жээнбековдун карамагында эки бөлмө бар. "Биринде өзү отурат, экинчиси - анын кабылдамасы. Жээнбеков отурган бөлмө мурдагы эки чакан бөлмөдөн (322-323-бөлмөлөр - ред.) бириктирилип оңдолгон. Ал эми өзүнчө даараткана жана эс алуучу жайлары жок", - деген Ибраим Нуракун уулу.