Жогорку Кеңештин төрагасы депутаттар менен кайым айтышуулары эмне себептен чыгып жатканын түшүндүрдү

Бүгүн, 1-июлда маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков парламенттин жыйындарында анын депутаттар менен кайым айтышуулары эмне себептен чыгып жатканын түшүндүрдү.

"Парламентте ар түрдүү ой-пикирдеги, көз караштагы 120 депутат бар. 2 айдын ичинде төрага үчүн алардын баары менен бир пикирге келүү мүмкүн эмес экен. Ошондуктан кээ бир учурларда айрым депутаттар менен алардын деңгээлинде сүйлөшкөнгө туура келет. Мисалы, көп балалуу үй-бүлөдө ар бир бала бирдей ой-пикирде болбойт да", - деди Турсунбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан