Алай тоо кыркаларында кайрадан жер силкинди

Бүгүн, 1-июлда өлкө аймагында кайрадан жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сейсмология институтуна таянып берген маалыматына караганда, анын очогу Кыргыз Республикасынын аймагында, Алай тоо кыркаларында жайгашып, күчү 3,5 баллга жеткен. Жер титирөө Бор-Дөбө айылынан 10, Кара-Киндик айылынан 30, Нура айылынан 48 чакырым алыстыкта орун алып, Бор-Дөбөдө 3 баллга сезилген.

Эскерте кетсек, 26-июндан 29-июнга чейин Кыргыз Республикасы, Тажикстан жана Кытай Эл Республикасынын чек арасында, Алай тоо кыркаларында бардыгы болуп 36 жолу 3 баллдан 7 баллга чейин (автошок) жер титирөөлөр кайталанып турду. Кыйроолор жана жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан