Ошто Турак жай жана жашылдандыруу комбинатынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Ошто Турак жай жана жашылдандыруу комбинатынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 2015-жылы Ош шаардык мэриясынын алдындагы Турак жай жана жашылдандыруу комбинатында тендер өткөн. Анда “Э” жоопкерчилиги чектелген коому жеңүүчү деп табылып, 793 миң сомго күнөскана куруп бермек. Бирок аталган комбинаттын кызмат адамдары менен "Э" ишканасынын жетекчиси бөлүнгөн акча каражатын өздөрүнө чегерип алышкан. Мунун натыйжасында күнөскана курулбай калган.

Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан