СУПЕРСТАН: Айыл жериндеги жигиттерге турмушка чыгууну каалаган шаардык жана айылдык кыздардын пикирлери кандай?

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыздар, чынын айткылачы, айылда турмуш курган жагабы же шаардабы?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Мен өз айылымдан бир аз алысыраакта жашагым келет. Шаарда жашаганга көңүл жок, ал жерде ишиң жок болсо ачка каласың. Айыл жери жакшы. Үйдүн кенжеси болсо да калмакмын, бирок мурда "үйдүн кенже баласына тийбейм, айылда калгым келбейт" деп айтат элем. Азыр кенже бала болсо жакшы деп калдым".

"Бизде, тескерисинче, жолдошум шаарда эле калабыз дейт, мен шаарда тургум келбейт. Мен үчүн айыл эң сонун, эң жакшы".

"Кандай деп айтпайлы, буюрганы болот, бирок мага айыл жагат. Айылдык балдардан да мага күйөөгө тий деген сунуштар болгон. Үйдөгүлөр айылга жашай албайсың, ден соолугуң да чыдабайт деп айтып калышчу. Чын-чынына келсек, менин ден соолугум айылдын жашоосуна чыдабайт".

"Чын эле айылда ден соолук кетет экен. Мисалы, мен да шаарда чоңоюп, айылда жашагам. Ооруй берип тажагам. Башкалар жакшы эле жүрүшөт, мен эле ооруйм. Акырында бул атайылап кылып жатабы деп эч ким ишенбей калган. Ден соолугуңду жоготсоң, сен эч ким эмессиң. Негизи, шаардыктардын айылга көнүшү кыйын. Айылдагыларга билинбейт. Айылдыктар деле шаарга келгенде аябай кыйналат эмеспи. Шаардыктар шаарда, айылдыктар айылда болгону оң дейм. Ар ким өзүнүн көнгөн жеринде жашаганы туура".

"Мага айырмасы жок. Айылда жашасам деле шаарга барып-келип иштей бермекмин. Бирок талаа жумуштары бар жерге түшпөсөм дейт элем. Чындыгында, талаа иштерине жокмун".

"Мындан 5-6 жыл мурун айылда келиндер талаа жумуштарына көп аралашып турушчу. Бара-бара бул көрүнүш өөн учурап жатат. Талаадан бир да кыз-келин көрбөйсүң".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (66)
Atlantic
2016-07-03 18:07:46
Эх айыл кооз жер бирок шаарга не жетсин
0
Nurkyz1977
2016-07-03 18:32:25
Айылдабы шаардабы?бактылуу жашоого аракет кылыш керек. Ызгаардуу кышта уйундун ичинде ынтымак береке болсо кышты сезбейсин, ал эми жайкы саратанда уйундо суз мамилелер ынтымак болбосо жан дуйнондо ызгаар жайдын ысыгын сезбейсин дегендей кайсыл жерде озунду бактылуумун десен кыжаалатчылык болбосо омур бою кыштоодо жашасан да бакыт. Азыркы жаштар бактылуулук шаарда,байлыкта,деп элестетиши мумун бирок андай эмес кайсы жерде болбосун ынтымак биримдик ыйман болсо баары болот. Жан дуйнонор таза болсо.
+5
Bakyi
2016-07-04 03:37:20
Nurkyz1977,Эн туура айттыныз баракелди
0
soft_hacker
2016-07-03 21:28:05
Мындайча айтканда айылдыктар кругозор жок карангы адамдар болушат негизи шаардыктар кара жумушка жок болушат
-11
djigit90
2016-07-03 22:39:19
soft_hacker,мышык майга жетпей сассык дептир. Шаардыктарын деле убагында тоонун башында жашаган. Айылдыктар кругазору жок карангы дегендер алар акылы кем, айылдагы кок мээ (айланбаш)койдой.
+6
jashtilek2
2016-07-03 22:53:57
soft_hacker,жанылышасыз. Айылдыктардын Кругозору кенен, жумушка тын, кабыл алуусу жакшы болот. Анткени табигый таза нерселер мн тамактанышат.
+5
shirinai
2016-07-03 23:58:23
soft_hacker, Айылдыктар кругозору жок болушат деп сиз озунуздун кругозорунуздун денгээлин билдирип жатасыз. Айыл десе эле мал менен талааны элестетпеш керек.
+3
barakcha
2016-07-03 22:00:09
Бир эле мисал.Улуу жазуучу,кыргыз элин дуйного тааныткан Ч.Айтматов айылдан эле чыккан инсан!Тушундунуз го эми)))
+3
djigit90
2016-07-03 22:46:36
менин аялым шаардан уйлонгонумо 3жыл болду, аялыма айыл жагат, мени менен бактылуу. Жаратканга ар дайым шугур кылат.
+1
jashtilek2
2016-07-03 22:50:46
Айылга жашаганга не жетсин. Таза суу таза аба! Кой, уйларын, жер жемиш, момо жемиштерин эле банктагы акчан болуп эсептелет).. иштеген ишин , жашаган уйун менчик болсо шаарга жашоого деле жакшы. Бирок 10 сомун жок болсо кочого чыга албай каласын. А айылда 10 сом эмес 1 сом жок жашай берсен болот.
+1
altunbek78
2016-07-03 23:19:53
Атактуу жана окумуштуу адамдар айылда торолуп, шаарда олот. деген улуу ойчулдардын созу бар. Кандай деген атак данктуу адамдар айылдан чыккан. Шаардан чыккандарын санап коргулочу. Бирок биздин КР дин шаарлары болок мамлекеттин шаарларына караганда современный чон айыл эле, талашпай деле койсонор болот.
+2
madiyar1
2016-07-03 23:38:07
Туугандар Айыл жакшы экен
Шаарда 5 жыл журуп Айылга келгем илгеркидей куч кубат жок !
Кийин 2 - 3 айда озумо келдим .
Айылда ден-соолугун чын болот ким кошулат ушу созго ???
+1
Magusi
2016-07-03 23:49:18
Менда айылда жашаганга кызыгам.Бирок жашоо шартка байланыштуу шаардамын.Айылда жашап калсам деген умутум чон.
0
K.A.Kamchybekova
2016-07-04 00:28:42
Айыл жакшы эн сонун. Жеке мага айыл жатат. Озгочо тоолу жер болсо...
+1
Roman90
2016-07-04 01:45:30
Айылды жамандагандардын акылы кем озу ойлонуп суйлосо
+2
sna_kg
2016-07-04 02:37:13
Азыр бир кыз менен таанышып уйлонолу десен сразу аыйлында интернет барбы деп сурайт 3G или 4G дейт ☺
+1
meka-xxxx
2016-07-04 08:02:52
Кышындасы шаар жакшы, жайындасы айыл жакшы , кышында айылда жашасан кыйын печкага от жагасын уйуну ысытыш учун негизи жакшы эле кыйналасын да,
0
admin_portal
2016-07-04 10:07:08
soft_hacker, жеке айтышуулар купуяга!
0
Kunbeken
2016-07-04 13:04:53
Негизи айылдын жигиттери намыской чымыр денелуу, ак конул аялдарды сыйлай билген болушат коп пайзы. Шаардыктар кыздардан бетер созулган аан эн жиркеничтуусу кыздардан бешпетер боенуп алганычы (баары эмес бирок жок дегенде 3 мырзадан экоосу созсуз боенот). Кайда оспо "кыштын кыштай кыздын кыздыай жигиттин жигиттей" болгону эле жакшы.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан