Жардыргыч заттан жабыркап, ооруканада жаткан милиция кызматкери көз жумду

Күтүүсүз кырсыктан улам оор жаракат алып, ооруканада жаткан милиция кызматкери 7-апрелде көз жумду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББинин маалымат кызматы билдирди. Дарыгерлер канчалык аракет кылбасын, анын өмүрүн сактап кала алышпады. Эске салсак, 30-март күнү ишембилик учурунда Ак-Өргөө жаңы конушунда №4-шаардык милиция бөлүмүнүн инспектору Шамил Усубалиев көчөдөн баштыкка оролгон буюм таап алган. Аны ачып жатканда ичиндеги жардыргыч зат жарылып, аталган кызматкердин алаканы үзүлүп, ооруканага эсин жоготкон калыбында жеткирилген болчу. Анын артында жубайы жана 2 баласы калды.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
lime_boy
2013-04-07 13:24:11
Жаткан жери жайлуу болсун!
0
miki87
2013-04-07 13:32:35
Инструкция боюнча туура кылган эмес баштыкчаны ачып. Бирок башка бир адамдын омурун сакткп калыптыр.
0
baibolot71
2013-04-07 15:00:20
Баштыкчада акча бар деп ачып жиберген да.Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун.
-4
baymar
2013-04-07 15:21:58
жаткан жери жайлуу болсун
0
jipara86
2013-04-07 16:14:53
Жаткан жери жайлуу болсун.ал жардыргычты атайын жасап таштап койгон'го(окуучулар)
0
zamir218
2013-04-07 19:13:23
Кыргыздын дагы бир кырчындай жигитинен айрылган экенбиз. Жакындарына терен кайгыруу менен конул айтам. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
0
zamir218
2013-04-07 19:17:25
бул иш жэ окуя жон калбашы керек. Толук изилденип куноолулорду жоопко тартуу керек,
0
nurkojo
2013-04-08 01:39:32
Жайы Жаннаттан болсуунн
-1
Azem2013
2013-04-08 09:22:29
Жатkан жери жайлyy ,арты kайрылyy бoлcyн, kалган oмyр жашын балдарына берcин...
0
admin_media
2013-04-08 11:03:39
zamir218, kanu,
Ар бир колдонуучу эрежеге ылайык өз ой-пикирин жазып калтырууга укугу бар. Эске алып койгула!
0
kaniet
2013-04-08 11:29:41
Эртен менен аскер кызматындагыларга, милиция кызматындагыларга созсуз инструкция отулот, демек бул жигитке башчылары инстркуция беришкен эмес, кайран жигит, арты кайырлуу болсун, тарткылык да, ал болбосо дагы бироосу жарылмак.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан