100 миң теңгеге сатылып кетип, 2 жылдан ашык убакыт кулчулукта жүргөн кыргыз жараны кулчулуктан куткарылды. Бул тууралуу 1-июлда "Замандаш" ассоциациясынын Казакстандын Алматы шаарындагы өкүлү Алтынбек Сыдыков билдирди.
Маалым болгондой, Ош облусунун Өзгөн районунда 1984-жылы туулган кыргыз жараны Алмаз Маматалиев 2014-жылы Апиза аттуу таанышы аркылуу Казакстандын Алматы облусунун Чилик айылына жумушка орношуу үчүн барган. Ал аталган жердеги бир казак үй-бүлөдө чарбалык иштерди аткармак, бирок анын таанышы Апиза бир канча күндөн кийин дайынсыз болуп кеткен. Анын кайда кеткенин сураганда алар аны 100 миң теңгеге сатып кетип калганын айтышкан. Алмаз Маматалиев мекенине кайтып келүү үмүтүн үзүп, 2 жылдан ашык убакыт акысыз иштеп берген. Ал айылда жашаган кыргыз аял Алмаздын кулчулукта жүргөнүн билип калып диаспорага кабар берген.
Диаспора өкүлдөрү аны таап, абалын көрүшкөн. Документтери жок болгондуктан, ага тийиштүү документтерди жасап берип өз үйүнө жиберишкен. Учурда үйүндө экендиги кабарланды.