2016-жылдын 3-июлунан 7-июлуна чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү
жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 2016-жылдын 1-июлунда КРнын ӨКМнын телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КРнын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС-билдирүү жөнөтүлдү.