Орусияда үйлөнүү тоюнда 32 жаштагы келин сууга чөгүп кетти

Орусиянын Москва облусунда үйлөнүү той учурунда келин сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда "Лента.ру" орусиялык басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, окуя 2-июлда Клязьминск суу сактагычында орун алган.
"Тойдун катышуучулары бир жээктен башка жээкке өтүп баратышкан. Жээкке бир нече метр калганда 32 жаштагы келин сууга түшүп кеткен. Жанында отурган курбусу аны куткара албай калган. Окуя болгон жерге куткаруучулар келип, эртеси келиндин денесин суудан чыгарышкан. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, бул суу сактагычта сууга түшүүгө тыюу салынган. Алдын ала маалыматтар боюнча, тойдун катышуучулары мас абалда болушкан", - деп жазган басылма.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
lolo.1
2016-07-04 15:25:05
Меее сага ..ажалдын келген убагын кара
+5
Shef87
2016-07-04 20:03:51
ушунун баарын сен кылдын энендурайын арак ай болуптур да
+3
aseras
2016-07-04 21:42:37
Куйоо баланын омур бою эсинен кеткис нерсе болуптур да.
+2
azyk_kyrgyz
2016-07-05 01:19:36
Илгертен айтылат го орус оюндагысын бербейт жана орустун ойногону жаман энесин козго саят деп куйоосуно жаман болуптур да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан