2015-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө 172 миңден ашуун майып адам бар, алардын 28 миңи 18 жашка чейинкилер

Акыркы мезгилде коомдук уюмдар, активисттер кыргыз өлкөсүндөгү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктары боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Конвенциясын ратификациядан өткөрүү зарылдыгын айтышууда. Кыргыз жеринде "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугу тууралуу Конвенцияны" ратификациялоо 2017-жылы күтүлүүдө. Бул тууралуу маалымат жыйынында айтылды.

Катышуучулардын бири Толкун Исаков буларга токтолду:

"Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар башка жарандар сыяктуу эле өлкөнүн, коомдун жашоосуна активдүү аралашуусу шарт. Бүгүнкү күндө жарандык коом кыргыз өкмөтү 2016-жылдын аягы, 2017-жылга чейин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугу тууралуу Конвенцияны ратификациядан өткөрөт деп терең ишенет".

Ошондой эле маалымат жыйында 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө 172 миңден ашуун майып адам бар экендиги, алардын 28 миңи 18 жашка чейинкилер экени айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан