"Жубайымдын көзү азиз болсо да, Японияда дүйнөнү багындырды" дейт көзү жакшы көрбөгөн дарыгер

Жашоодо ар кандай тагдырларга туш болобуз. Кимдир бирөө үчүн угуу арман болсо, кимдир бирөөнө көрүү мүмкүнчүлүгү берилген эмес. Бир жагынан кем болсо, экинчи жагынан толукталып, андай адамдардын да кандайдыр бир шыгы, өнөрү болот. Көрүү мүмкүнчүлүгүнө толугу менен ээ болбогон Бахтияр Мамбетказиев көзү көрбөгөн жубайы Японияда дүйнөнү багындыргандыгы тууралуу, өзү Бишкек шаарындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштээрин SUPER.KG порталына айтып берди. "Аракет кылсаң, берекет" дегендей, Бахтияр Мамбетказиев талыкпас эмгектин арты менен дарыгер болуп калган.

"Менин маңдайыма жазылган тагдыр ушундай экен, бирок мен мүңкүрөп отуруп калган жокмун. Издендим, окудум, аракет кылдым. Консерваторияны бүттүм. Медициналык академияны ийгиликтүү аяктадым. Көзүмдүн көрбөгөнү медицинадагы башка адистикти тандоого тоскоол болду. Ал эми башка нерселер мага тоскоол боло албайт", - деп билдирди Мамбетказиев.

Атайын укалоо адистигине ээ болгон Бахтияр Мамбетказиев ишенип кызматка алган жетекчиликти уят кылбай, татыктуу иштегенге аракет кыларын айтып, учурда ага бир айлап кезекке тургандар бар экенин белгиледи.

Бахтияр Мамбетказиев келинчеги Гүлүм Касымбаева музыкалык окуу жайды аяктаганын, өткөн жылы Японияда япон тилинде ырдоо боюнча эл аралык фестивалда көзү азиз болсо да 1-орунду алып, өлкөнүн желегин желбиретип келгенине сыймыктанарын айтты.

Фестивалга Япония, Франция, АКШ, Канада, Германия, Армения жана Кыргыз Республикасы жана башка өлкөлөр катышкан. Быйыл Гүлүм Касымбаевага кайрадан фестивалга чакыруу келген. Жол киресинен башкасынын баарын чакырган тарап каржыламай болгон. Японияга фестивалга катышып келүү үчүн Мамбетказиевдердин үй-бүлөсү 2 миң АКШ долларын таппай жатканын айтып, эгерде жардам берүүнү каалагандар болсо баш тартпасын билдирди.

Бахтияр Мамбетказиев келинчеги экөө 4 жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан. Азыркы жаштардай кафе, ресторан, клубдарга барбаганын айтты: "Күн сайын театрларга барчубуз. Фрунзенин бульварын кыдырууну жактырчубуз. Ошол эле учурда окууну өздөштүрүп жүрдүк. Жыйынтыгында бир эмес, бир нече жогорку билимдин ээси болдук".

"Көзүбүздүн көрбөгөнү жашообузга тоскоол болбойт"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Izdeim_seni.
2016-07-05 18:30:29
Азамат! Просто АЗАМАТТАР!
+7
Kypchak
2016-07-05 18:35:43
Ушундай адамдар бар үчүн дүйнө сакталып турат. Аллах жакшылыгын аябасын
+15
Ulanbek1992
2016-07-06 02:07:58
Kypchak,туура айтасыз..
+1
Aisuluu160790
2016-07-05 21:00:03
Бактылуу болгула.Дагы ийгилик.Азаматсынар!!!
+1
Arina_kg
2016-07-06 00:07:53
Аябай жакшы байке. кулдуруп суйлоп массаж жасап берет. Менин балама да массаж жасаган. У вас золотые руки , Бахтияр байке. Счастья вашей семье.
+3
Nurkyz1977
2016-07-06 08:14:11
Аллах ыраазы болсун силерден,алты саны аман адамдарга караганда мумкунчулугу чектелген болсо да окуп ийгиликтерге жетишип жатканынар аябай кубандырат,чындай келсе бир дипломдун да ээси боло албай озунун жашоосун ар кимге док кылгандар бар ар дайым ийгилик коштоп,бактылуу турмушта жашап башкаларга улгу болуп жашоо шамын жагып журо бергиле.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан