8-апрелде саат 00:23 чамасында борбор шаардагы Л.Толстой көчөсүндө автокырсык болуп, окуядан 5 адам жабыркады. Жогорку ылдамдыкта бара жаткан БМВ-525 үлгүсүндөгү унаа жол четиндеги даракты сүзүп токтогон. Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын өкүлдөрү кырсыктан жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөнүн ӨКМнын маалымат кызматы кабарлады. Андан соң денесинен ар кандай жаракат алган У.И., Н.А., К.Т., М.Н. жана Н.И. аттуу жарандар Бишкектеги №4-ооруканага жеткирилди. Алардын ичинен 3 жабырлануучу оорукананын жандандыруучу бөлүмүнө түшкөндүгү белгилүү болду.