КҮНСЕРЕП: Атамбаевдин жан дүйнөсү ыры менен ачылды

Бүгүн, 4-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Бишкекте президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, укук коргоо органдарын реформалоо чечимдери кабыл алынды. Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровдун айтымында, тармакта үстүбүздөгү жылдын аягына чейин олуттуу реформалар жүрөт. Мисалы, прокуратура органдарынан тергөө функциясы алынып Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына берилет. Прокуратура көзөмөлдөөчү органга айланып, бирок анда кылмыш ишин козгоо рычагы калары айтылды. Бирин-бири кайталаган кызматтар жоюлат. УКМК экономикалык кылмыштар боюнча иш жүргүзбөйт жана кылмыш ишин козгобойт. Ички иштер министрлигинде жаңы 5 кызмат түзүлөт, алар: коомдук коопсуздук боюнча кызмат, кылмыш милициясы, экстремизм жана мыйзамсыз миграция менен күрөшүү кызматы, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызмат, ички коопсуздук боюнча кызмат.

ИИМдин жаңы кызматтары тармакты оңдоору күтүлүүдө. Карапайым калк жаңы жетекчилерди эмес, ИИМдин реформасынын жыйынтыгын көрүүгө кызыкдар. Коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулук менен күрөшүү жаатында милициянын ишинде жылыш бар экенин эл жон териси менен сезиши керек, ансыз ишке ашырылбаган кагаздагы реформалар элдин чыдамын кетирет. Түзүмдүк өзгөрүүлөрдүн канчалык жемиш берери да бат эле билинет...

Өлкө ичиндеги жогорку окуу жайлардын 2016-2017-окуу жылына карата келишимдик негизде билим алуучу студенттердин окуу акысынын төмөнкү босогосу бекитилди. Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеванын айтымында, өкмөттүн тийиштүү токтому аркылуу акы төлөп билим алуунун баасы белгиленип, ЖОЖ жетекчилери тарабынан бекитилет жана Монополияга каршы жөнгө салуу органдары менен макулдашылбайт. Быйыл бардык окуу жайларда билим берүү менен курулуш, экономика, башкаруу, экология жана туризм адистиги боюнча билим алуунун баасы – 26 360 сом, тоо-кен өндүрүшү, транспорт жана айыл чарба – 28 996 сом, энергетика – 30 314 сом, компьютердик технология, телекоммуникация жана байланыш – 31 632 сом, жабдуулар, технологиялык адистиктер – 34 268 сом, саламаттыкты сактоо 39 540 сомдон башталат.

Келишимдик окуу акыларынын ичинен саламаттыкты сактоо тармагында билим алуунун жылдык акысы эң жогору, дээрлик 40 миң сом. Медициналык академиянын студенттери жалпы 8 жыл билим алышат (ординатураны кошкондо), тарифтер өзгөрбөсө 8 жылда окуу акысына эле кеминде 320 миң сом төлөйт. Диплом алып, адистиги боюнча иштөөнү көздөгөн жаш кадрга мамлекет кандай кам көрүүдө? Маалыматтарга таянсак, учурда жаңы иштеп баштаган дарыгерлердин баштапкы айлыгы 5 миң сомдун тегерегинде. Мындай айлык акыга иштөөгө даяр жаш кадрлардын саны аз. Ошондуктан да жылдан-жылга дарыгерлердин жетишсиздиги аймактарда күчөп жатат. Бир эле Баткен облусуна 109 дарыгер жетишпей турганын 2015-жылы облус башчысы болуп турган Жеңиш Разаков айтып, мунун башкы себеби айлыктын аздыгы экенин билдирген. Жалпы өлкө боюнча 2015-жылга карата 1062 дарыгер жетишсиз. Ошол эле учурда саламаттыкты сактоо адистиктерине быйылкы жылдын абитуриенттерине 413 бюджеттик орун бөлүндү. Өлкөдө дарыгерлердин саны жетишсиз, бирок келишим акысы кымбат, бюджеттик орундар болсо аз...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өзү жараткан “Судьбе назло” ырын гитарада ырдап, чыгарма 2-июлда интернетке тарады. Мурда-кийин кыргыз президенттеринин ырдаганын көрбөгөн көпчүлүккө бул окуя күтүүсүз болду. Ырдын башында өлкө жетекчиси чыгарманын тарыхына токтолуп, “Бул ыр алгачкы ырларымдын бири, менин жашоомдун девизи сыяктуу. Кыйынчылыктарды басып өтүүмө жардам берчү” деп билдирди. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөновдун айтымында, ырды Атамбаев жаш кезинде жаратып, гитара менен ырдап студиядан жаздырганына 2 ай болгон.

Падышалар же президенттер деле адам, алардын да жан дүйнөсүнө жакын хоббисинин болушу кадимки көрүнүш. Болгону көмүскө таланттары дайыма эле коомчулукка жарыялана бербейт. Атамбаевдин гитара чертип ырдаганын кыргыз коомчулугу жакшы кабыл алды. Социалдык тармактарда ажонун жакшы ырдаганын айтышып, позитивдүү пикирлердин аягы тыйыла элек. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин эмгек жолу саясаттан мурун чыгармачылыктан башталганы белгилүү. Ал 1983-жылы СССРдин Жазуучулар союзуна мүчө болгон. Азыркы учурда президент коомдук башталышта Кыргызстан жазуучуларынын Адабий фондунун төрагасы.

Коңшу мамлекеттердин башчылары да ыр-бийге шыктуу экенин коомчулуктан жашырышпайт. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев домбрада жакшы ырдай турганы мурдатан белгилүү болсо, жакында Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Ташкентте өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине арналган концертте бийлеп элдин назарын бурду. Түркмөнстандын лидери Гурбангулы Бердымухамедов да гитарада мыкты ойноп, ырдаары маалым.

Атамбаев бул ырды алгачкы эмгектеринен экенин белгилесе, демек, мындан башка да ырлары бар болушу ыктымал. Муну менен мамлекет башчынын чынында эле чыгармачылыкка жакын инсан экени далилденди. Жумуш жумуш менен, чыгармачылык өз жолунда... Кыргыз өлкөсүндө чиновниктер элге жакын эмес, текебер деп көп сындалат. Ажонун ырдап чыгышы коомчулукта жөнөкөйлүктүн белгиси катары кабыл алынууда. Кол чатырын өздөрү көтөргүсү келбеген текебер жетекчилердин фонунда романтикалуу ыры менен ажобуз карапайым жан дүйнөсүн көрсөттү...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан