И.В.Панфилов атындагы дивизиянын түзүлгөнүнүн 75 жылдыгына эл аралык автожүрүштүн салтанаттуу ачылышы болду

Үстүбүздөгү жылдын 12-июлунда И.В.Панфилов атындагы дивизиянын түзүлгөнүнө 75 жыл толот. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы казакстандык "Генералдар кеңеши" менен биргеликте Панфилов дивизиясынын 75 жылдыгынын урматына эл аралык автожүрүштүн салтанаттуу ачылышын өткөрдү. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз жана маалымат башкармалыгы билдирди.

Автожүрүш борбордогу "Жеңиш" аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюу менен 4-июлда ачылды.
Өзүнүн сөзүндө полковник Бактыбек Бекболотов азыркы менен келечектеги муундар өз тарыхын унутууга акысы жок экенин белгиледи.

Бул иш-чарада генерал Панфиловдун небереси Алуа Байгадамова да катышты. Автожүрүш Бишкектен башталып, дивизиянын түзүлгөн Тараз, Чымкент, Астана, Павлодар, Семипалатинск, Талдыкурган шаарларында уланып, 12-июлда Алматы шаарында аяктайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан