Бүгүн, 5-июлда Бишкек шаарындагы "Жеңиш" аянтынын аймагында Айт намазы окулмакчы. 7:30да баштала турган Айт намазын окуу үчүн учурда эл аталган аянтка агылууда. Аймакка кирип жаткан элди коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрү текшерүүдөн өткөрүп жатышат.
Бул аймакта жол тар экени белгилүү. Фрунзе көчөсү менен чектешип, намаз окулчу аймакка алып келген жолдор унаага толуп калды. Айрымдар үчүн унааларын алыска токтотуп, басып келгенге туура келүүдө. Көпчүлүк жаштардын жөө келгенин байкоого болот.
Чогулгандарга баян айтууну 6:00дө баштоо пландалган. Күн мурунтан туруксуз аба ырайы күтүлөрү маалымдалган. Андыктан эл жайнамаз менен кошо кол чатыр көтөрө келген.
Аянтка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев жана муфтий Максатбек ажы Токтомушев келди. Алар четинен куттуктоолорун айтып жатышат. Өкмөт башчы президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун окуп берди.
Буга улай Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов да куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Андан соң Айт намазы башталды.
Намаз окулуп жатат. Жамгыр токтоду.
07:30да башталган Айт намазы окулуп бүттү. Муфтияттын өкүлдөрү билдиргендей, намазга болжол менен 20 миңден ашык адам катышты.