Сауд Арабиянын Медина шаарындагы Мухаммед пайгамбардын мечитинде жан кечти жардыруу уюштурду. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, анын кесепетинен каза тапкандардын саны 5 адамга жетип, 5 жаран ар түрдүү жаракат алгандары айтылууда. Жардыруу дүйшөмбү күнү күн батып баратканда орун алган. Жан кечти бул аймакты кайтарган кароолчулардын көңүлүн бурдуруп алган соң жарылуучу затты ишке киргизген.