Чүй жана Нарын облусунда мал уурдоого шектелгендер кармалышты

Чүй жана Нарын облусунда мал уурдоого шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Беловодск айылынын 52 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар улагын уурдап кетишкенин билдирген. Кылмышка шектүү катары 13 жана 14 жаштагы эки өспүрүм кармалган. Мындан сырткары 2 жылкы уурдоого шектелип 29 жаштагы Нарын облусунун тургуну да кармалган. Иликтөө иштеринин алкагында уурдалган эки жылкы 53 жаштагы Ж.Р. жана 39 жаштагы К.Э. аттуу Нарын облусунун тургундарына таандык экени аныкталган. Учурда бул фактылар боюнча иликтөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Eliza9393
2016-07-05 10:15:13
Тиги эки кичине бала эчкини не кылат экен эми):
0
djigit90
2016-07-05 12:38:11
улак сонун ширин корунот алар жаш балдар улакты кармап коруу кызык болгон, кармап уйуно ала кетишсе керек. Бир улак 500же 1000сом орозодо ошол эки балага белек кылып койсо болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан