Бүгүн, 5-июлда Бишкектеги "Жеңиш" аянтында Айт намазы окулду. Намаз аяктаган соң баш көтөргөндөр кайыр сураган өспүрүм балдарды, аялдарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды көрүп таң калышса керек. Анткени бул аймакка жардам сурагандар көп чогулуп калган эле. Алардын катарында мектеп жашындагы ондогон балдар да баштык көтөрүп кайыр сурап жүрүштү.
Колуна баштык кармап, тагдырдын оор сыноосуна кабылгандардын катарында өзүн Таттыгүл деп тааныштырган айым ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген уулун арабага салып, жардам сурап отурду.
Кайыр сурагандардын арасынан орус, цыгандарды да кезиктирүүгө болот. Ал эми кыргыз улутундагы кайыр сурагандар басымдуулук кыларын байкадык. Коомчулукка кайрылып жардам сурагандардын арасында 2 айлык наристени көтөрүп бир саат бою жаанда тургандар да болду.