Бүгүн, 5-июлда Ош шаарында Айт намаз окулуп, ага 13 миңден ашуун адам катышты. Ош мэриясынан билдиришкендей, Айт намазга бийлик өкүлдөрүнөн Ош мэри Айтмамат Кадырбаев, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов да катышты. Алгач шаар мэрине сөз берилип, ал Айт намазга келгендерди бүгүнкү майрамы менен куттуктап, тынчтык, жыргалчылык, ден соолук жана гүлдөп-өнүгүү каалады.