Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Пристань-Пржевальск шаарчасынын 2 тургуну дайынсыз жоголду. 1985-жылы туулган Александр Маятский жана 1965-жылы туулган Вадим Третьяков 5-апрелде кайык менен көлгө балык кармаганы чыгып кетишип, кайтып келишкен эмес. 7-апрель күнү ӨКМнын Каракол шаардык куткаруу кызматынын кызматкерлери издөө жүргүзүп, бирок таба алышкан жок. Алар көлгө "Малютка" кайыгы менен сүзүп кетишкендиги белгилүү болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, издөө иштери бүгүн, 8-апрелде да улантылат.