Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 5-июлда Аламүдүн районунун Арашан айылындагы мечитте Орозо айтка байланыштуу майрамдык Айт намазга катышты. Андан кийин мамлекет башчы "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барып, 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун жаркын элестерин эскерди.
Белгилей кетсек, президент Айт намазды бир нече жылдан бери өзү туулуп-өскөн Арашан айылындагы мечиттен окуйт. Айт намаздан кийин "Ата-Бейитке" барып кыргыздын чыгаандарына куран окууну да салтка айландырган.