Өлкөдө окуучулар үчүн жайкы эс алууларды уюштурууга 5 миллион сом бөлүнүп, 74 миңден ашуун бала эс алат. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, балдар үчүн эс алуу уюштурууда өзгөчө жетим балдардын жана аз камсыздалган үй-бүлөдөгү балдардын жайкы эс алуусуна көңүл бурулган. Быйыл мамлекеттик жатак-мектептерден 2500 бала лагерлерде эс алат. Ал эми республика боюнча мектепке караштуу эс алуу жана эмгек лагерлеринде 74 591 бала эс алмакчы. Мындан сырткары 25 миңден ашуун окуучу жүрүш жана экскурсияга катышууда. Өлкө боюнча 55 санаториялык-курорттук аймак иш жүргүзөт.