Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик деңгээлдеги мааракелерди жоопкерчилик менен өткөрүүгө тапшырма берди

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик деңгээлдеги мааракелерди жоопкерчилик менен өткөрүүгө тапшырма берди. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы өлкө эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы, Тайлак баатырдын 220 жылдыгы, Үркүн окуясынын 100 жылдыгы жана Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы өткөрүлөт. Мындан сырткары сентябрь айында II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле жасоону премьер-министр Маданият, маалымат жана туризм министрлигине тапшырды. Учурда туристтик сезон экенине карабай аталган министрликтин маалыматтык басылмасынын кыргызча бөлүмү 20 күндөн бери иштебей турганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zhykyo
2016-07-05 12:16:43
Жакшы числолору кандай болду экен
0
Jigit80
2016-07-05 18:16:37
Ооба тапшырма берилгенден кийин 80 сотых Тайлак баатырдын кумбозун тосконго 1 700 000 болунуп олтурат.Жоопкерчилик ушундай кучоп кетти.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан