Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары 30-июнда биринчи сессиясын расмий түрдө жаап, жайкы каникулга тарашты. Эми депутаттар июль-август ичинде эс алып, аймактарда эл менен жолугушууларды өткөрүп 1-сентябрда ишке чыгышат.
Парламент жыйындарында эл өкүлдөрүнүн айткан сөздөрү, кылган иштери коомчулукта ар дайым талкуу жаратат. SUPER.KG порталы депутаттар жайкы каникулду кантип өткөрөрүн сурап, төмөнкүдөй жоопторду алды.