Ысык-Көл облусунун Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду унаа жолун курууга 2016-жылдын 1-июлуна карата жалпысынан 680 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Аталган акча каражаты республикалык бюджеттин "капиталдык салымдар" беренеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №194-буйругун КРнын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы комитетинин макулдугу менен аткаруу максатында КРнын Транспорт жана жол министрлигине караштуу Жол чарба департаментине 500 миллион сомду бөлүп берүү үчүн каралган.
Эске сала кетсек, 2015-жылы куруу жана оңдоо тизмегине ылайык, Балыкчы-Корумду унаа жолун оңдоо иш-чараларына бюджеттин "капиталдык салымдар" беренеси боюнча 180 миллион сом бөлүнгөн.
"Азыркы учурда Транспорт жана жол министрлиги каржыланган 500 миллион сомдун алкагында башкы аткаруучу уюмга акча каражаттарын бөлүү иштерин жүргүзүүдө. Жогорку Кеңештин профилдүү комитетинин Балыкчы-Корумду унаа жолун курууга 1 миллиард сом бөлүү маселеси боюнча чечим расмий түрдө түшө элек", - дешти министрликтен.