Бүгүн, 5-июлда Орусияда да Айт намазы окулду. Орусиялык ММКлардын маалыматына караганда, Москва шаарындагы "Тынчтык проспекти" станциясына жакын турган ири мечитке чогулган мусулмандардын саны 200 миңге жакын болду. Орусиянын муфтийи Равиль Гайнутдин аларды бүгүнкү майрамы менен куттуктады. Андан кийин намаз окулду. Аталган мечитке батпай калган 100 миңден ашуун жаран жылдагыдай мечит жанындагы көчөлөрдө окуду. Учурда намазга чогулган эл тынч тарап кетүүдө.