Тайлак баатырдын күмбөзүн тосууга 1 миллион 700 миң сом бөлүндү

Тайлак баатырдын күмбөзүн тосууга 1 миллион 700 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда SUPER.KG порталына Ак-Талаа районунун акиминин 1-орун басары Абдымалик Сулайманов билдирди.

Маалыматка ылайык, баатырдын 220 жылдык салтанаты Соң-Көл жайлоосунун Таш-Дөбө жайытында өткөрүлөт. Иш-чараны белгилөө үчүн кызуу аракеттер көрүлүүдө.

"Тайлак баатырдын Куртка айыл аймагындагы күмбөзүнүн айланасын тосуу үчүн мамлекеттик бюджеттен 1 миллион 700 миң сом каражат бөлүндү. Учурда 80 сотых жерди тосуу иштери жүргүзүлүүдө", - деп кошумчалады Сулайманов.

"Бөлүнгөн каражатка күмбөздүн айланасына унаа токтоочу жер даярдалат. Ал эми келечекте Тайлак баатырдын күмбөзүн тарыхый эстеликтердин катарына киргизүүгө аракет жасалат", - деп кошумчалады Сулайманов.

Белгилей кетсек, Тайлак баатырдын 220 жылдыгы ушул жылдын 30-июль күнү мамлекеттик деңгээлде өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
kg-bala87
2016-07-05 16:20:28
Мынча ааз кооп эле болбойсунорбу акча илгери откон баатырлардын кумбоздорун каяктагы бирнерселерге акчадан болгулода мамлекетте акча барда бутуп калсын алардын канча жыл мурун отконун белгилегиле 101 жыл 103 жыл 2 жума деп
0
Toloykon
2016-07-05 17:15:11
Жондон жон эле акча кетире беришет экен .тосмону тосууга ушунча кетмек беле.ушул алдым жуттумдардан качан арылат экенбиз
+5
Jigit80
2016-07-05 18:12:16
кумбөзгө кошо бир канча бийлик өкулдорунун менчик жерлерида тосулат окшойт.
+5
Abdyrawit
2016-07-05 21:31:34
Ошончо акча менен тосулат бекен?Акыркы жылдары Кыргызстандын кирешесинен да чыгашасы көп болуп жатат.Жегендин чыгармайы бар дегендей. Ушул акчалар карызга алынып жаткан жокпу..
0
Azizbek.kg8
2016-07-05 21:46:23
Э туугандарыныз Тайлак баатыр Силерди биздерди ушул Кун-До жашап жатканыбызга себепчи болгон .Мурзосун болсода сыйлап аздектеп койу биз урпактардын милдетибизго.Ата бабалардын бир кашык каныната Тен кельбейт бул Милон сомдор.
-1
kg-bala87
2016-07-06 11:56:34
Azizbek.kg8, сыйлайм десен куран окуп бата кылыш керек шариятда эч качан айтылган эмес мурзосуно милион кетир деп канчалаган боз Уй тигилиптир кереги бар Беле ошонун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан