Карылар үйүндө Айт майрамы белгиленди (фото)

Бүгүн, 5-июлда Төмөнкү Серафимовка социалдык стационардык мекемесинде Орозо айт майрамына карата майрамдык иш-чара өттү. Айт майрамы менен куттуктоо сөздөрү айтылып, карыларга чакан белектер ыйгарылган соң майрамдык түштөнүү уюштурулуп, концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Карылар үйүнүн башкы мүдүрү Бактыбек Жунусовдун айтымында, бул жайда 370 адам бар.

"Жыл сайын майрамдарда бул жерде жашагандардын маанайын көтөрүп, майрамдык иш-чараларды уюштуруп турабыз. Бизде азыр 370 адам бар болсо, алардын 230у эркек, 140ы аялдар. Аларды 232 кызматкер тейлейт. Союз убагында славян улутундагылар көп болчу. Советтер Союзу тарагандан кийин карылар үйүндө кыргыздар көбөйүп калды. Ата-энесин таштап кетип жаткан балдар туура эмес тарбия алышкан деп ойлойм. Мындагылардын 80 пайызынын жакындары, балдары бар, бирок көпчүлүгү бул жерде жаткандарды көргөнү келишпейт", - деп айтты Бактыбек Жунусов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
shirinai
2016-07-05 16:13:55
((((. Ото аянычтуу. Ата энебизди козу барда сыйлайлычы.
+3
mahabat.
2016-07-05 16:26:07
370 адамга 232 кызматчыбы
+1
nazgul90
2016-07-05 16:42:19
Ото аянычтуу биз Ата енеге зарбыз аа кеебир адамдарга кооор не деген заман. Аллахым ыйман берсин баары бызга.
0
88inara88
2016-07-06 01:04:55
Кандай таш боор адам ата энесин таштап кетет эх,алыста журуп аябай сагындым ата энеми,ата энелерибиздин ден соолугу чын,эч качан оорубасын амиин.
0
Beise
2016-07-06 08:23:04
Айтка уюшулган дасторконду суроттон коруп капа болдум. Ушунчалык жарды элбизби бир 3-4 депутат уюшуп чай берип койсо болмок жакшылап
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан