Малайзиянын алдынкы телеканалдары II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырышат

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги 2016-жылдын 1-июлунда малайзиялык алдынкы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө ооз ачар уюштурду. Иш-чара элчиликтин кыргыз өлкөсүнүн туристтик потенциалын жогорулатуу боюнча аткарып жаткан иштеринин алкагында жасалды. Алдыда күтүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын имиджин көтөрүүчү II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ар тараптуу чагылдыруу процессине чет элдик ММКларды тартуу максатын көздөйт. Жолугушууда ММК өкүлдөрүнө кыргыз элинин бай тарыхы, маданияты менен каада-салты, кыргыз мамлекетинин туристтик потенциалы тууралуу кеңири маалымат берилди.

Элчиликтин маалыматына таянсак, коноктордун көңүлү өзгөчө 2016-жылдын 3-8-сентябрында Чолпон-Ата шаарында өтүүчү II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын философиясына жана ал тууралуу маалыматтарга бурулду. Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын максаты дүйнөдөгү көчмөн элдердин тарыхый жана маданий мурастарын кайра жаратуу жана сактоо, мындан тышкары көчмөндөр маданиятын даңазалоо экенин белгиледи.

Иш-чаранын катышуучулары II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уникалдуулугуна суктанышканы жана аларды чагылдырууга зор кызыгуу артышканы айтылат маалыматта. Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын этникалык оюндар боюнча долбоору - II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө Малайзиянын алдынкы ММКлары: "БЕРНАМА" жана "ТВ-3" менен келишим түзүлгөнү белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azizbek.kg8
2016-07-05 21:40:36
Жакшы жышаан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан