Чаткал районунда чөп оруп, таңгактоочу техникалар жетишсиз

Чаткал районунда чөп оруп, таңгактоочу техникалар жетишсиз. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда SUPER.KG порталына Чаткал райондук айыл чарба департаментинин башчысы Эрнист Кошбаев билдирди.

"Бир жумадан ашык убакыттан бери Чаткал районунда жамгыр жаап, тоют камдоого тоскоолдук жаратууда. Биздин райондо тоют камдоо абдан орчундуу маселе. Бүгүнкү күндө чөп оруп, таңгактоочу техника жетишсиз. Коңшу Ала-Бука районунан техникалар жардамга келет", - дейт Эрнис Кошбаев.

Чаткал району деңиз деңгээлинен 2000, айрым жерлери 2800 метр бийиктикте турат. Айылдыктар мал чарбачылыгы менен алектенип жашоо өткөрүшөт.

"Учурда Чаткалдын эли жылкы багып, анын асылдуулугун арттырууга басым жасап жатат. Анткени жылкыны багып сатса да, союп сатса да пайда алып келет экен. Ошондуктан жылкыга тоют камдоодо фермерлер эспарцет чөбүн көп сээп жатышат, себеби бул чөптүн тоюмдуулугу жакшыраак болот", - деп кошумчалады Кошбаев.

Белгилей кетсек, Чаткал районунда кыштын узактыгы 6 айга чейин созулат. Бүгүнкү күндө Чаткал районунда тоют камдоого 10 күндөн бери жааган жаан тоскоол болуп жатканы айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
byityska
2016-07-05 20:46:33
Мен суйуктуу мекеним Чаткалым
+1
Janym_ata_enem
2016-07-05 21:05:05
byityska, Сенин суйуктуу мекенин Кыргызстан! Ал эми Чаткалынды "суйуктуу айылым" деп атасан туура болчудай.
-1
Parish
2016-07-05 21:03:14
Быйыл Чаткалда чоп мол болду.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан