Тайлак баатырдын 220 жылдыгында Соң-Көлдө 120дан ашык боз үй тигилет

Тайлак баатырдын 220 жылдыгында 120дан ашуун боз үй тигилет. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Ак-Талаа районунун акиминин 1-орун басары Абдымалик Сулайманов билдирди.

"Иш-чаранын жүрүшүндө алгач Тайлак баатырдын жашоосун чагылдырган видеотүрмөк көрсөтүлөт. Сырттан келген конокторго тасманы көргөзүү аркылуу кыргыздын басып өткөн тарыхый жолун, жашап өткөн доорун даңазалайбыз. Бул кадам тарых барактарында айтылгандай кыргыздын баатыр эл экенин көргөзүү максатын аркалайт", - деп билдирди Сулайманов.

Салтанатка өлкөнүн бардык аймактарынан коноктор чакырылмакчы. Ал эми аземдин жүрүшүн ат оюндары өңдүү улуттук оюндар коштойт. Ошондой эле түрк тилдүү өлкөлөрдөн коноктор чакырылып, салтанатка күбө болушары айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Тайлак баатырдын 220 жылдык салтанаты үстүбүздөгү жылдын 30-июль күнү Соң-Көл жайлоосунда өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurik838383
2016-07-08 03:08:01
Мундан башка иш жокпу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан