Аксынын Кызыл-Туу айыл аймагында Сары-Челек коругунун жолун суу алып, турак жайларды ылай суу каптады. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда SUPER.KG порталына Кызыл-Туу айыл аймагынын башчысы Болот Төрөбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, катуу жааган жамгырдан улам Жыл-Булак, Жол-Сай, Кызыл-Туу айылдарында сел жүргөн. Натыйжада короо-жайларды, 2 турак үйдү ылай суу каптап кеткен.
"Аталган айылдар катуу селден зыянга учурап, тазалоого мүмкүнчүлүк болбой калды. Кербен шаарындагы ДЭП-12 жол курулуш ишканасы жолду сүрүп тазалоого чакырсаң келбейт. Ишкананын жетекчиси баш болуп ишкананы менчиктеп алган. Айылдын эли биз өлкөнүн жараны эмеспизби, неге көңүл бурбайт деп нааразыланууда. Калктын көйгөйүн чечүүдө кайдыгер мамиле жасалып, бузулган жол толук оңдолгон эмес. ДЭП-12 ишканасынын кылыгын коомчулукка жарыялап, тартипке чакырууну туура деп ойлойм", - дейт Төрөбаев.
Анын айтымында, учурда Сары-Челектин коругуна баруучу жолду сел суулары бузуп кеткен. Туристтик сезон башталган маалда тез аранын ичинде оңдоо иштери колго алынып жатканын кошумчалады.