Бишкек-Ош унаа жолунда жүргүнчү дааратканага барам деп жардан кулап каза тапты. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 6-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя кечээ катталган. Анда Бишкек-Ош унаа жолунун 419-чакырымында жүк ташуучу унаанын дөңгөлөгү жарылып, жол жээгине токтогон. Айдоочу дөңгөлөктү алмаштырып жаткан учурда 1977-жылы туулган Жолдошбек Атаканов аттуу жүргүнчү дааратканага барам деп жардан кулап кеткен. Куткаруучулар жүргүнчүнүн жансыз денесин суудан чыгарышып, Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнө өткөрүп беришкен.