Казакстандын Балхаш көлүнө балык уулаганы барып дайынсыз болуп жаткан кыргыз жараны табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
ӨКМнын маалыматына караганда, 1-июль күнү Казакстандын Жамбыл облусундагы Балхаш көлүнө 11 кыргыз жараны балык уулаганы барган. Алардын бири 29 жаштагы Максим Пивоваров көлдүн ортосуна кайык менен барып, анан дайынсыз жок болуп кеткен. Издөө иштерине 4 суучул жана 1 тик учак тартылган, бирок натыйжа болгон эмес.