Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү бүгүнкү күнгө карата 14 миллиард 273 миллион метр куб болду. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда “Улуттук электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, агып кирген суунун көлөмү суткасына секундасына 1395 метр кубга, агып чыккан суу секундасына 132 метр кубга жетүүдө. Былтыр бул маалда суу сактагычтагы суунун көлөмү 14 миллиард 63 миллион метр кубду түзгөн.