Бүгүн, 8-апрелде Бишкекте футбол боюнча кыздар арасында республикалык мелдеш болуп жатат. Мелдешке 12-14 жаштагы кыздардан куралган 8 команда катышууда. Чемпиондук үчүн "Бишкек-1", "Ош", "Жалал-Абад", "Талас", "Бишкек-2", "Ысык-Көл", "Чүй" командалары ат салышууда. Ал эми финалдык беттеш 12-апрелде өтмөкчү.