Жети-Өгүз районунун Тосор айылында "Сары кыздын тою" аталышындагы өрүк фестивалы өтөт

Жети-Өгүз районунун Тосор айылында 22-23-июль күндөрү "Сары кыздын тою" аталышындагы өрүк фестивалы өтөт. "Сары кыз" же жаңы бышкан өрүк жай мезгилинде унутулгус даам тартуулайт. Бул мезгилдин урматына өрүк көп өстүрүлгөн Тосор, Тамга, Барскоон, Чоң-Жаргылчак, Кичи-Жаргылчак, Ак-Терек, Жеңиш айылдарында майрамдык фестиваль уюштурулат. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда уюштуруучулар билдиришти.

"Өрүкфест – "Сары кыздын тою" айылдаштарды ынтымакка үндөгөн позитивдүү майрамдын максаты - уникалдуу өрүктү жайылтуу жана айылдардын кооз жерлерин, мүмкүнчүлүктөрүн фестивалдын катышуучуларына тааныштыруу.

Фестивалдын алкагында семинарлар, мастер-класстар өткөрүлүп, көргөзмө, түрдүү сынактар уюштурулат. Өрүктүн сапатын жакшыртуу боюнча идея, соода-сатык жүргүзүү боюнча окуулар да өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Abdyrawit
2016-07-06 21:18:10
Аталышы сонун экен
0
Josef
2016-07-07 00:33:46
Баткендин оругуно жетпейт го. Баткенден уйронуп келишсин, алтын кукурт менен демдеп сары кызыл бойдон кургатканды
0
Kroxa
2016-07-10 01:27:19
Josef,жалан ошондой химикатты жегизип жатпайсынарбы,, Колдо баары натуральный эч даары дармек кукурту жок орукту сатышат,,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан