Ала-Бука районуна караштуу Совет-Сай айылында сел агызып кеткен кыргыз жаранынын жансыз денеси Өзбекстандын аймагынан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Совет-Сай айылындагы Курук сайынан сел жүрүп, 1988-жылы туулган Медербек Раевди (2-топтогу майып) Өзбек Республикасынын Касан-Сай районунун Абадан айылын көздөй агызып кеткен. Өзбек Республикасынын чек ара кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында аталган жарандын жансыз денеси саат 22:00 чамасында табылган.
"Өзбек Республикасы тарабынан медициналык экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин маркумдун сөөгү Кыргыз Республикасынын чек ара кызматкерлерине өткөрүлүп берилмекчи", - деп айтылат маалыматта.