Чаткалдык мугалим: "Окуучуну урган эмесмин, мени күнөөсүз жерден каралап жатышат"

Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылында мектеп мугалими менен ата-энелердин бири чатакташууда. Буга чейин "баламды мектепте мугалими урду" деп Айчүрөк Аманбаева аттуу жаран SUPER.KG порталына кайрылган эле. Бүгүн айыпталып жаткан мугалим Нуриза Урустемовага кайрылдык. Ал ата-эне тарабынан айтылгандарды четке кагууда.

"Жылдагыдай эле быйыл май айынын аягында окуучулар китебин тапшырышкан. Мени күнөөлөп жаткан Айчүрөк Аманбаеванын баласы 2015-жылы чыккан жаңы китепти чийип, булгап салыптыр. Мен мугалими катары үнүмдү өктөм чыгарып "Бул китепти эми китепканага кантип тапшырам?" деп китепти колунан өйдө тартканда башын ылдый салып турган бала жалтанып кетип партанын кырын сүзүп алыптыр. Анда аны байкаган эмесмин. Окуя 22 окуучунун көз алдында, класста болгон. Бүгүн "китепканага алып барып урган" деп мага жалаа жаап жатышат. Аталган окуучу башынан эле психологиялык жактан жабыркайт, ата-энеси үйүндө сабашат. Бир көзү бир аз титиреп турат. Ошол окуядан кийин "баламды текшерүүдөн өткөрүп бересиң" деп талап коюшканынан Ала-Букадан бир эмес, эки клиникадан текшерттим.

Дарыгерлер баланын ден соолугуна олуттуу зыян келтирилген эмес, көзүнүн үстү гана бир нерсеге тийген дешти. Ошону менен тынчып калганбыз... Терек-Сайда сурьма кени бар, жашоочулар кендин айланасынан сурьма казып иштешет. Мени урду делген баласын ата-энеси ошол кен казган аймакка иштегени жөнөтүп, иш учурунда аны топурак басып калыптыр. Жанындагы шериктери көптөп чыгарып алышканын айтышты. Ошондон кийин бала кусуптур. Эми ошону да мага оодарганы жатышат. Маалыматты интернетке таратып жиберишип, элдин бетин карай албай ак жерден күнөөлүүдөй болуп отурам. Үйдөн чыга албай калдым, ал тургай Айт майрамында үйдө отурдум. Булар баласы ооруган сайын мени текшертип турууга милдеттендирүүнү же ири суммада акча өндүрүүнү көздөп жатышат. Кудай турат, баласына колум тийген эмес. Жакында райондон тергөөчү келет, окуучулардан да сурак алышын өтүнөм", - деди Нуриза Урустемова.

Ата-эненин жазган арызынан улам мектептеги окуя боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
jibew
2016-07-06 15:41:26
Жаш кезде бизди деле Кызай эжеке китеп учун сабачу кыз, бала экенине карабай.
+3
zhykyo
2016-07-06 15:57:52
Чуздурордон мурун ойлонсо болмок бала да
-4
Usow
2016-07-06 15:59:11
Мугалимдер анчалыка барбайт деп ойлоймун бир эле китеп учун уруп согуш бул мугалимдин иши эмес окуучу китеп жыртып чиймелеген болсо мугалим орой мамиле гана жасайт анчалык уруп сокпосо керек деп ойлоймун тем более эжекей экен куру дооматтан кудай озу сактасын
+6
Omush94
2016-07-06 16:14:51
Бизде деле мындай болгон чоон указка мн урчу ата энебизге айтып барсак чалаа болуп тур деп кайра мугалим эжеге ура берин кааласан олтуруп сал деп кетип калчы жаныбыз пышык болгон экен
+6
take220281
2016-07-06 16:19:43
Таяктын көбүн мен жедим го чиркин, кулагымды созо берип чебурашка болуп калгам) бирок мугалимдерге ыраазымын, ошентип жүрүп адам кылды да.
+6
alooke
2016-07-06 16:28:05
Мугалимдин айтканында чындык бардай. Жарыбаган айлыкка иштешип, нервинин баарын коротуп, анан ата-энелерден көргөн сыйы ушубу? Мугалим катары кыйкырууга, түрткүлөп, чымчып коюуга укугу бар. Ал эми бир китеп үчүн кускуча сабады дегенине ишенүү кыйын. Эркек мугалим сабаса балким муштум катуу тийип калган го демекмин, эжей экен го. Долуланып жатат го ата-энеси, куру дооматтан Кудай сактасын
+8
sanzhar83
2016-07-06 16:56:28
Менин чон атам ар дайым айтаар эле, "боодо кырсыктан, анан карандай дооматтан кудай сакта" деп. Мугалим ошо баланы кандай экенин билген сон, унчукпастан китебин алып коюш керек эле, ушинтип карандай дооматка калгандан коро. Мындай докчу адамдарга жакшы да жаман да суйлобогон туура болот.
+1
Anarik87
2016-07-06 18:20:48
Биринчиден балага тура тарбия беруу ата-эененин милдети ,Азыр мектепте окучулар мугалмдер менен айтышат каяша суйлойт,бунун баары эмнеде Куно альберте билим беруу системасынын тура эмес иш жургузуп жаткандыгНан ,мугалимдин кадыр-баркын тушуруп баш ооруткан текшеруулор журуп жатат атитациола деп бул да карупциянын баштап жатат,биртике айлык кошуп кайрадан эле сааттарды кыркып акчаларды азайтып жатат андан коро акча кошпой эле коюшсунда,текшеруунун аягынан мугалим документ жагынан алышып журуп жы
0
Anarik87
2016-07-06 18:22:13
Жыйынтыгы балдардын билим жетишсиздигинен билим сапаты тушту
0
aydarov...
2016-07-06 20:12:32
Тарбияда бир эки чаап койсо эч нерсе болбойт. Озу терексайда арызчылдар кобурок
+1
kudaiberdieva98
2016-07-06 20:27:24
баласы ыйлаактын энеси болушчак болот.
+1
frezya
2016-07-24 21:06:07
мен ушул мектепте иштегенмин бул эжекенин 20жылдан коп стажы бар аябай жакшы эжеке,ал эми айчурок аманбаеваны аябай эле жакшы тааныймын, ХХХ ХХХ ХХХ
0
admin_portal
2016-07-25 10:06:01
frezya, кимдир-бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтыруудан алыс болууну сунуштайбыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан