Мамлекеттик тарых музейин оңдоп-түзөө 2017-жылы сентябрь айында аяктайт (фоторепортаж)

Мамлекеттик тарых музейин оңдоп-түзөө 2017-жылы сентябрь айында аяктайт. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда Мамлекеттик тарых музейинин директору Анаркүл Исиралиева билдирди.

Учурда музейде оңдоо иштери жүрүүдө. Бул оңдоолор эки этап менен жүргүзүлөт. Имараттын сырткы абалын оңдоо 31-Август - Эгемендүүлүк майрамына карата жыйынтыкталат.

"Музейдин алдындагы гранит таштар жарылып кеткен болчу. Азыр алмаштыруу иштерин баштадык. Музейдин алдындагы тепкичтер толугу менен жаңыланат. Ал эми ички абалы толугу менен экинчи этапта оңдолот. 2017-жылы сентябрь айында жыйынтыкталат", - деди Исиралиева.

Мамлекеттик тарых музейинде 130 миңден ашуун экспонат бар. Алардын арасында байыркы таш доорундагы буюмдар сакталган.

Белгилей кетсек, аталган музей 2016-жылдын 25-мартында жабылып, оңдоо иштери башталган. Оңдоо иштерин Түркиянын "ТИКА" ишканасы жүргүзүүдө.

Мамлекеттик тарых музейиндеги оңдоп-түзөө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Rasul1987
2016-07-06 15:51:47
Эч ким жокко жумушчулардан.
0
Arti
2016-07-06 17:00:19
2017-жылы сентябрь айында? Мен быйыл экен деп журупмун))
0
Azizbek.kg8
2016-07-07 04:07:20
Батырак бутурсо болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан