SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Башкалардан айырмаланган өзгөчөлүгүңүз" деген тема талкууга алынды.
Темадагы билдирүүлөр:
"Менин белимде чоң калым бар. Апамдар кичинемде "жоголуп кетсең калыңдан таанып таап алабыз, коркпой эле ойной бер, кызым" деп күлүп калышчу".
"Көгөрүп калсам оңой менен жазылбайм, сүйлөбөйм. 4-5 күн болсо да тултуюп жүрө берем. Өзүмө ушу сапатым жакпайт".
"Менин бетимде уяча бар, күлгөнүмдө сонун болуп көрүнөт".
"Мен өзүмдүн жан дүйнөмдүн өзгөчөлүгүн айткым келет. Эч кимге окшош эмесмин, мүнөзүм да такыр башкача. "Кимди тартып калгансың?" деп апам көп айтат. Мен ойлогон оюмду айтсам эч ким түшүнбөйт же башка мааниде түшүнөт. Демек, элден өзгөчө ойлонот экенмин".
"Сырткы келбетимден өзгөчөлөнүп турам, ар кайсы улутка окшошмун. Ар кимдин көзүнө ар башка улуттай көрүнөм. Мүнөзүм да өзгөрүп турат. Бир карасаң менден боорукер, берешен, шайыр адам жок, бир карасаң өзүмчүл, көк бетмин. "Каалаганыңды кыл, бирок менин сөзүм баары бир туура. Менин айтканым аткарылышы керек" деп туруп алам. Урса да, соксо да, ач калсам да айтканым аткарылмайынча жаным тынбайт. Ошондой шүмшүк адам болуп калам".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.